• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Пашинян ЖККУнун Беларустагы саммитине катышуудан баш тартты

15 Жетинин айы 2023 9:18 Бишкек Govori.TV

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян 23-ноябрда Минск шаарында өтө турган Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) кезектеги саммитине катышпайт. Бул тууралуу армян өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Пашинян саммитке катыша албай тургандыгы жөнүндө Беларустун башчысы Александр Лукашенко менен телефондо сүйлөшкөндө айтып, уюмдун калган мүчөлөрү «бул чечимди түшүнүү менен кабыл алат» деген үмүтүн билдирген.

Армениянын жетекчилери 2009-жылдан бери ЖККУнун бардык саммиттерин калтырбай катышып келишкен.

Саясат таануучулар Армения муну менен КМШ жана ЖККУдагы өнөктөштөр Тоолуу Карабактагы окуялар маалында көмөк көрсөтпөгөнүнө, иш жүзүндө Азербайжандын позициясын колдогонуна нааразылык билдирүүдө деп айтып жатышат.

Еревандын өкүлдөрү 13-октябрда КМШнын Бишкектеги жогорку деңгээлдеги жолугушуусуна да келген эмес. Мындан тышкары армян аскерлери Балыкчыда өткөн ЖККУнун машыгуусуна да катышкан эмес.

Пашинян сентябрда «Еревандын коопсуздук жаатында Москвага толук ишенгени стратегиялык ката болгонун» билдирген. Кийинчерээк ал Еревандын ЖККУга мүчө болушу Армения үчүн «натыйжасыз» экенин кошумчалаган.

Количество просмотров: 67