• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

 Жапаров Мишустин жана Пашинян менен телефон аркылуу сүйлөштү

21 Теке 20239:31 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин жана Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Жапаров Мишустин менен кыргыз-орус кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, анын ичинде соода-экономикалык, социалдык-гуманитардык жана инвестициялык чөйрөдө биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулаган.

«Алар Евразия экономикалык биримдигиндеги интеграциялык кызматташуу маселелерине өзгөчө көңүл бурушту», — деп айтылат маалыматта.

Ал эми Жапаров менен Пашинян эки тараптуу кызыкчылыкты жараткан түрдүү тармактардагы кыргыз-армян кызматташуусунун актуалдуу маселелерин кеп кылышкан. Тараптардын экономикалык байланыштарды мындан ары өнүктүрүүнүн жолдорун да сүйлөшкөнү айтылды.

Количество просмотров: 132