• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Паспорт чыры: Мамлекеттик каттоо кызматынын мурунку жетекчилерине карата соттун өкүмү чыкты

20 Үчтүн айы 2020 11:44 Бишкек Govori.TV

Жаңы муундагы биометрикалык паспортторду даярдоодо бланктарды сатып алуу боюнча өткөрүлгөн тендерде коррупцияга шектелген Мамлекеттик каттоо кызматынын мурунку Статс-секретары “Б.Д.Б.”, төрага орун басары “С.Р.Р.” жана “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын мурунку башчысы “А.Т.Т.” карата Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан өкүм чыгарылды.

Тергөө органдары тарабынан аталган кызматкерлерКР “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамын бузуп, мамлекеттин эсебинен жеке өздөрүнө материалдык пайда көрүү үчүн шарттарды түзгөндүгү аныкталды.

Жыйынтыгында, Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлери КР Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 1-б. (Коррупция) боюнча күнөлүү деп табылып, жумшартуу шарттарын эске алуу менен “С.Р.Р” 270 000 сом, “А.Т.Т.” 270 000 сом, “Б.Д.Б.” 230 000 сом мамлекетке айып төлөө милдеттендирилди.

Аталган кызматкерлерге карата өкүм чыгарууда сот айыпталуучулардын кылмышты тергөөдө жана айкындоого багытталган келишимдин бардык шарттарын жана милдеттенмелерин так сактагандыгын, жана ошондой эле күнөөлөрүн толугу менен мойнуна алып, өкүнгөндүгүн эске алды.

Белгилей кетсек, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Мамлекеттик каттоо кызматынын мурунку Төрайымы А.К.Шаикова коррупция боюнча айыпталып, азыркы учурда эл аралык издөөдө.

Учурда биометрикалык паспортторду даярдоодо бланктарды сатып алуудагы тендердеги коррупция фактысы боюнча бардык катыштыгы бар адамдарды аныктоо жана жоопко тартуу багытында тергөө иштери уланууда

Количество просмотров: 218