• Ишенби 18 Теке 2026
  • Суббота 18 Июль 2026

Павел Дуров 100дөн ашык биологиялык балдары бар экенин айтты

30 Теке 202411:37 Бишкек Govori.TV

Telegram мессенджеринин негиздөөчүсү эркектик уругун тапшырууга донор болуп, андан жаралган биологиялык балдары 12 өлкөдө жашай турганын айтты.

«Мага жаңы эле 100дөн ашык биологиялык балам бар деп айтышты. Эч качан турмушка чыга элек, жалгыз жашаганды жактырган жигит үчүн бул кантип болушу мүмкүн?» — деп жазган Дуров.

Ишкер мындан 15 жыл мурда балалуу боло албай жаткан досу клиникага сперма тапшырууну суранганда донор болгон.

Мекеменин директору Дуровго “сапаттуу донорлук материал” жетишпей жатканын айтып, көбүрөөк урук тапшырып, чүрпөлүү боло албай жаткан жубайларга анонимдүү жардам берүүнү суранган.

Количество просмотров: 380