• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

ПЧР-тест тапшыруунун баасы арзандады

13 Теке 2022 15:34 Бишкек Govori.TV

13-июлдан тарта Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаментинде ПЧР-тестти 490 сомго тапшырууга болот. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

ПЧР-тесттин баасы төмөндөтүлүп, азырынча Оорулардын алдын алуу департаментинде гана тапшырылат. Мурда баасы 788 сом болгон.

Эскерте кетсек, бир катар категориядагы жарандарга COVID-19га акысыз ПЧР анализ жүргүзүлөт:

— Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына;
— Баткен окуяларынын катышуучуларына;
— Эмгектин ардагерлерине;
— 70 жаштан жогору улгайгандарга;
— “Баатыр эне” орденинин ээлерине;
— Майыптыгы бар жарандарга — көрүүсү, угуусу боюнча 1, 2-топтогу майыптарга;
— 18 жашка чейинки майыптыгы бар балдарга;
— АИВ/СПИД менен жашаган адамдарга;
— 6 жашка чейинки балдарга;
— жетим балдарга;
— аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн 16 жашка чейинки балдарына.

Анализди кабыл алуу күн сайын саат 8:30 — 15:00гө чейин жүргүзүлөт. Жыйынтыктар ошол эле күнү саат 18:00 — 21:00гө чейин берилет.

Количество просмотров: 143