ПЦР-тесттин жыйынтыгын эми онлайн да алууга болот. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.
Маалыматка ылайык, система тесттик режимде ишке киргизилди.
“Эми ПЧР-тестирлөөнүн жыйынтыгын бериле турган күнү саат 18:00дөн тарта электрондук түрдө Ilab.med.kg сайтынан алууга болот», — деп айтылат билдирүүдө.
Белгиленгендей, жыйынтык PDF-форматта болуп, эки QR-кодду камтыйт: биринчиси ILAB платформасында жыйынтыктын аныктыгын текшерет, экинчиси «Мен COVID-19суз саякаттайм» тиркемесинде катталуу үчүн зарыл.
Эскерте кетсек, «Мен COVID-19суз саякаттайм» тиркемеси — бул ЕАЭБ өлкөлөрүнүн: Россия, Армения, Беларусь, Казакстан жана Кыргызстандын чек араларынан өтүүнүн милдеттүү шарты.