Бүгүн, 15-мартта Кытайдын Пекин шаарында катуу бороон болду. Күбөлөр Твиттерге өзгөчө табигый кубулуштун видеосун жарыялашууда.
Кум борошосунун кесепетинен Кытайдын борборунун асманы саргыч түскө боёлгон. Монголиядан келген бороон абанын катуу булгануусуна алып келген. Калаада жол көрүнбөй, тыгын пайда болгон.
Метеорологдор кум борошосу 16-мартка чейин уланып, Кытайдын 12 провинциясы менен шаарына таасир этет деп күтүшүүдө. Бул Кытайдагы акыркы 10 жылдагы эң катуу чаңдуу бороон болгону айтылууда.