• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Жапаров Пекин шаарына келди (сүрөт)

3 Бирдин айы 2022 19:49 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-февралда Кытай Эл Республикасынын (КЭР) Пекин шаарына иш сапары менен келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Мамлекет башчысынын учагы Пекин шаарындагы эл аралык аэропортко конду.

Эске салсак, иш сапарынын алкагында президент Садыр Жапаров Кышкы Олимпиада – 2022 оюндарынын ачылыш аземине катышып, КЭР төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушат.

Количество просмотров: 409