• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Пенсия: Кимге канча кошулат?

30 Аяк оона 2021 11:26 Бишкек Govori.TV

1-октябрдан тарта 4785,4 сомго чейинки пенсияга 200 сом, ал эми 4785,4 сомдон жогорку пенсияга 500 сомдон кошулат. Бул тууралуу бүгүн, 30-сентябрда Социалдык фонддун төрагасы Жаныбек Орозалиев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда Өлкөдө пенсионерлердин жашоо минимуму — 4 миң 785 сомго тете деп эсептелет.

«Пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрү 1,08 коэффициентине, бирок жалпы өлчөмү 4785,4 сомдон ашпаган пенсиялар үчүн 200 сомдон кем эмес жана жалпы өлчөмү 4785,4 сомду түзгөн жана андан ашкан пенсиялар үчүн 500 сомдон кем эмес индексацияланды. Пенсияларды кайра эсептөөнүн жыйынтыгы боюнча орточо 455 сомго жогорулап, пенсиянын орточо өлчөмү 6248 сомду түздү»,-деп билдирди ал.

Белгилей кетсек, жогорулатуунун өлчөмү ар бир пенсионердин пенсиясынын өлчөмүнө жараша болот. 715,5 миң пенсионердин пенсиясын индексациялоого 984,9 миллион кошумча каражат керектелет.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстанда ушу тапта 715 миңдин тегерегинде пенсионерлер бар жана алардын саны жылдан жылга көбөйүүдө.

Количество просмотров: 7863