Үстүбүздөгү жылдын январь айынан август айына чейин пенсия жана жөлөк пулга 31 млрд 498 млн 300 миң сом сарпталды. Бул тууралуу Социалдык фонддун маалыматында айтылат.
Облус-шаарлардагы пенсия жана жөлөк пул алуучуларга кеткен каражат:
— Бишкек шаары — 5 млрд 135,2 млн сом;
— Чуй облусу — 4 млрд 856,9 млн сом;
— Нарын облусу — 2 млрд 538,1 млн сом;
— Ысык-Көл облусу — 2 млрд 861,8 млн сом;
— Талас облусу — 1 млрд 301,4 млн сом;
— Ош шаары — 1 млрд 131,7 млн сом;
— Ош облусу — 5 млрд 769,4 млн сом;
— Баткен облусу — 2 млрд 520,9 млн сом;
— Жалал-Абад облусу — 5 млрд 356 млн сом;
Кошумчалай кетсек, август айында пенсия жана жөлөк пулдарды каржылоого 3 млрд 931,6 млн сом бөлүнгөн.