• Дүйшөмбү 8 Кулжа 2026
  • Понедельник 8 Июнь 2026

Петрашов: Кыргызстандын атынан үчүнчү ирет Олимпиадага катышканыма сыймыктанам

1 Баш оона 202411:33 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын атынан үчүнчү ирет Олимпиадага катышканыма сыймыктанам, — деп билдирди суучул Денис Петрашов.

Спортчу социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кайрылып, кыргызстандыктардын колдоосу болбогондо мындай ийгиликтерге жетмек эместигин айтты.

30-июлда кыргызстандык спортчу 200 метрди брасс ыкмасы менен сүзүү мелдешине катышты. 25 суучулдун ичинен ал 16-орунду ээлеп, жарым финалга жолдомо алды. Жарым финалда болсо, 14-орунга жайгашты.

Муну менен Денис Петрашов Кыргызстандын тарыхында Олимпиада оюндарында жарым финалга чыга алган биринчи суучул болуп калды.

Количество просмотров: 201