• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

«Pfizer» өлкөнүн кайсы аймактарына жеткирилди, вакцинаны кимдер ала алат?

2 Жетинин айы 2021 13:56 Бишкек Govori.TV

Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Республикалык иммуннопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова өлкөгө келген Pfizer вакцинасын каалаган жаран алса боло турганын билдирди.

Анын айтымында учурда, вакцинаны өлкө аймактарына таратып, жеткирүү иштери жүрүүдө.

«Учурда аталган вакцина Бишкек шаары менен Чүй облусунда жетиштүү. Кечээ эртең менен вакцинанын бир бөлүгү Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусуна жөнөтүлгөн. Эми Нарын, Ысык-Көл жана Талас облустарына да жеткирилет. Жума күнү Нарын менен Ысык-Көлгө жөнөтүлөт. Себеби, вакцина атайы транспорт менен жеткирилүүгө тийиш. Мындан улам кезек менен жеткирүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Ал вакцинаны каалаган адам эмдөө пунктарына барып ала алат», — деди Ишенапысова.

Эмдөө 21-28 күн аралык сактоо менен эки ирет жүргүзүлөт. Эмдөөдөн кийин ийне сайган жер кызарып, билинер-билинбес оорушу, дене табы 37 градуска чейин көтөрүлүп, бүткөн бой, баш салмактанып оорушу мүмкүн. Мындай белги 2-3 күнгө чейин созулушу ыктымал, эгер 3 күндөн кийин да оору токтобосо, дарыгерге кайрылуу керек.

Ошондой эле Ишенапысова Кыргызстанга COVAX аркылуу Pfizer вакцинасынын 259 миң 740 дозасы 27-октябрда келгенин белгиледи.

Количество просмотров: 84