Кыргызстанга COVAX механизминин алкагында Pfizer-BioNTech компаниясынын COVID-19га каршы 100 миң 620 вакцинасы келди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.
Иммундук алдын алуу республикалык борборунун директору Гүлбара Ишенапысова белгилегендей, Pfizer-BioNTech компаниясынын COVID-19га каршы вакциналарынын күтүлгөн дозасы Кыргызстанга келди, бирок белгисиз себептер боюнча вакциналар эриткичи жок келген.
«Учурда себебин аныктоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Биз калкка жардам көрсөтүү үчүн бардыгын жасап жатабыз. Кыргызстандын аймагынан тышкары чыгып жаткандардын бардыгы жана билетин алып алгандар (0703) 126 442 телефон номерине чалып, эмдөөдөн өтүү боюнча консультация ала алышат. Калган жарандардан түзүлгөн кырдаалды түшүнүү менен кабыл алууну суранабыз», — деди Ишенапысова.
Кошумчалай кетсек, Pfizer–BioNTech вакцинасы Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан өзгөчө кырдаалдарда колдонуу үчүн жактырылган. Анын натыйжалуулугу 95% түзөт. Коргоочу таасири биринчи дозаны алгандан кийин 12 күндөн соң иштей баштайт, бирок толук коргоону камсыз кылуу үчүн эки доза менен эмдөө талап кылынат, ДССУ аларды 21-28 күн аралык менен алууну сунуштайт.