• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Пионер кыймылынын 100 жылдыгын белгилөө боюнча министрлик тапшырма бергени айтылды

24 Бугу 202211:17 Бишкек Govori.TV

Билим берүү жана илим министрлиги пионер кыймылынын 100 жылдыгын белгилөө тууралуу билим берүү жайларына атайын тапшырма берген. Бул тууралуу министрликтин мааракеге байланыштуу иш-чараларды уюштуруп өткөрүү тууралуу телефонограммасында айтылат.

Соцтармакта тараган телефонограммада бул иш-чаралар «балдарды руханий-нравалык жактан тарбиялап, саламаттыгы үчүн зарыл» деп жазылган. Документке билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова кол койгон.

Возможно, это изображение текст «KUиM мо0ести мребастирство 130w28 науіаr управления образования мэрии rг. бишкек Ou H00806199610131 областные методические отделы инетитуты образования районные/городекие отделы образования водо гелефонограмма настояшим министерство образования науки кыргызской республики сообщает, что 19 мая 2022 года исполняется 100 лет основания всесоюзной пионерской организации им. в.и. ленина. республиканский по проведению 100-летия всесоюзной пионерской организации планирует провести торжественные мероприятия осветить средствах массовой информации подготовку проведение вышеуказанного мероприятия. в связи вышеуказанными, министерство поручает провести торжественные мероприятия приуроченные 100-летию пионерии, конкурс рисунков, сочинений, выставки, школьные парады, акции флешмобы, целью духовно-нравственного физического воспитания детей. заместитель миинетра н.с.джусупбекова согласовано: в.н.о. начальника ушвдо Afil абдылдаева с.омурканова, 623407 Mucef»

Ал арада Билим берүү министрлиги маалымат таратып, анда министрдин орун басары Надира Жусупбекова бүткүл союздук пионерлердин 100 жылдык маарекесине байланыштуу телефонаграма боюнча түшүндүрмө берген.

“Ушундай иш-чараны уюштурууну көздөп жатабыз, тарыхыбызды унутпайлы, көмөк көрсөтүүңүздөрдү суранам”, — деп Бүткүл союздук пионерлердин 100 жылдык маарекесин өткөрүү боюнча төрайымы Жаңыл Түмөнбаеванын мамкатчыга кайрылуусунун негизинде мен бул телефонаграмманы жөнөткөм. Арабызда ошол доорду башынан өткөргөн аталарыбыз, апаларыбыз бар. Алардын акыл-эсинен бул пионерлик доорду өчүрө албайбыз. Башка учурдагы юбилейлик даталарды белгилеп келгенибиз сымал, бул датаны да эч кандай саясий, идеологиялык максаты жок эле белгилеп коюу үчүн жиберилген.
Бирок, тилекке каршы Министр менен, жалпы жетекчилик менен кеңешпей туруп жибергеним үчүн кечирим сурайм», — деп билдирген ал.

Өткөн аптада пионерлер кыймылынын 100 жылдыгына карата Жети-Өгүздүн Кызыл Суу айылындагы мектепке Владимир Ильич Лениндин бюсту коюлуп, ал шаан-шөкөт менен ачылганы талаш-талкуу жараткан.

Количество просмотров: 74