• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Подполковник Алановду беш чек ара кызматкери сотко берди

22 Үчтүн айы 2020 9:06 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Илгиз Талипов жана төрт чек арачы мекемедеги мыйзамсыз иштер тууралуу айтып чыккан офицер Талгат Алановго каршы Ош шаардык сотуна кайрылды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Талгат Аланов билдирди.

Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Илгиз Талипов баштаган беш чек арачы мага каршы Ош шаардык сотуна арыз жазыптыр. Анда мен буга чейин айткан Мамлекеттик чек ара кызматындагы мыйзамсыз иштерди төгүнгө чыгарып, «Аланов ар бирибизге 100 миң сомдон төлөсүн» деп жазышыптыр. Мен айткан беш факты боюнча Аскер прокуратурасы учурда текшерип жатат. Анын жыйынтыгы чыкпай жатып булар Ош шаардык сотуна кайрылыптыр. Бул туура эмес деп ойлойм. Мага каршы арыз жазгандар Аскер прокуратурасына мен жазган арызды кайтарып алышымды да талап кылышты, — деди Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын кызматкери Талгат Аланов.

Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматкери Асылкерим Ажиев беш чек арачы Талгат Алановго каршы Ош шаардык сотуна кайрылганын тастыктады:

Талгат Алановго карата Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын беш аскер кызматкери арыз жазган. Аланов өткөргөн басма сөз жыйынында аты аталган аскер кызматкерлери эч кандай укук бузууга барбаганын билдиришкен. Алар Аланов кадыр-баркына доо кетиргенин жана өздөрүнүн ак экенин далилдеш үчүн Ош шаардык сотуна кайрылышкан. Мамлекеттик чек ара кызматы тарабынан Алановго «арызыңды ал» деп эч кандай коркутуу болгон эмес. Эгер андай фактылар болсо бекитилген тартипте Аскер прокуратурасына арыз жазып кайрылса болот, — деди Асылкерим Ажиев.

2019-жылдын 27-ноябрында Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкери Талгат Аланов журналисттерге атайын маек куруп, өзү иштеген мекемедеги мыйзамсыз иштер тууралуу айтып чыккан. Анда Аланов «Достук» чек ара көзөмөл-өткөрмө бекетиндеги акча топтоо фактыларын мисал келтирген. Ал ошондой эле Мамлекеттик чек ара кызматынын башында тургандар кошуна мамлекеттер менен чектеш аймактардагы көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде иштеген кызматкерлерден «үлүш» алып турарын, түзүмдүн ичинде жазылбаган мыйзамдар бар экенин айтып, кызмат орундары акчага сатыларын да айткан.

Бул билдирүүдөн кийин эле Мамлекеттик чек ара кызматынын аймактык башкармалыгынын кызматкерлери да басма сөз жыйынын өткөрүп, Алановдун дооматтарын төгүндөшкөн. Мекеменин Ош облусу боюнча башкармалыгынын штаб башчысы Адылбек Сейдалиев «акча чогултулат» деген сөздөр жалган экенин билдирген.

Талгат Алановдун «Азаттыкка» билдиргени боюнча, 2019-жылдын 27-ноябрындагы басма сөз жыйынынан кийин Аскер прокуратурасы териштирүү иштерин баштаган. Анын жыйынтыгы чыга элек.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 131