Бүгүн, 17-январда “ПолитКлиника” басылмасынын журналисти Тыныстан Асыпбеков 2 айга камалды. Бул тууралуу жактоочу Жаныш Бараков билдирди.
Биринчи май райондук сотунун чечимине ылайык, 2024-жылдын 13-мартына чейин камакта болот.
«Бул кылмыш иши бир эле лингвистикалык экспертизанын корутундусу менен козголуп жатат. Бирок Тыныстан Асыпбековдун эч кандай тиешеси жок деп айтсак дагы бизге маани берилген жок. Ал бир жыл мурун бул жерден (Темиров Live) жумуштан чыгып, азыр башка жакта иштеп жатат, ошондуктан публикацияга тиешеси жок десек маани бербей, тергөөчүнүн өтүнүчүн толугу менен канааттандырып, СИЗО-1ге камакка алынды», — деди жактоочу Жаныш Бараков.
Эскерте кетсек, Ички иштер министрлиги (ИИМ) «Массалык башаламандык уюштурган» деген шек менен 16-январда “Темиров LIVE”, “Айт, айт десе” долбоорлорунда иштеген жана мурда иштеп кеткен журналисттерди кармап, алар 48 саатка камалышкан.