• Ишенби 1 Тогуздун айы 2022
  • Суббота 1 Октябрь 2022

Польшадан адам өлтүрүүгө шектелген айыпталуучу алынып келинди

12 сентября 2022 в 18:06 Бишкек Govori.TV

Польшадан ырайымсыздык менен адам өлтүрүүгө шектелген айыпталуучу алынып келинди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Польшанын Юстиция министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Н.К.Д. аттуу жаранды кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу үчүн өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талабы канааттандырылды. Ал 2011-жылы Жалал-Абад облусунун Сузак районунда өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүргөндүгү үчүн айыпталууда.

Белгилеп кетчү жагдай, эл аралык издөөнүн фигуранты 11 жылдан ашуун изин жашырып, жасалма паспортту колдонуп Украинанын жана Түркиянын аймагында качып жүргөн.
2022-жылдын 10-сентябрында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын тапшырмасынын негизинде Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан айыпталуучу Польшадан Кыргызстанга алынып келинди.

Издөөдө жүргөн адамды экстрадициялоо иш-чарасы 6 айдын ичинде жүзөгө ашырылып, Польша Республикасынын ыйгарым укуктуу органдарынын, Кыргыз Республикасынын ИИМнин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жана Интерполдун Кыргыз Республикасындагы Улуттук борбордук бюросунун кызматкерлеринин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Польша Республикасындагы Ардактуу консулу Януш Кшивошинскийдин макулдашылган жана ырааттуу иш-аракеттеринин жыйынтыгында мүмкүн болду.

Количество просмотров: 116

Элдик курултай эл менен бийликтин ортосундагы көпүрө боло алабы?

Жыйынтыгын көрүү

Биздин команда