Жогорку Кеңештин комитети интернет мейкиндигинде порнографиялык мүнөздөгү элементтерди камтыган сайттарга кирүүгө тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.
Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети бүгүнкү, 20-майдагы жыйынында «Кыргыз Республикасынын интернет мейкиндигинде порнографиялык мүнөздөгү контент элементтерди камтыган сайттарга кирүүгө тыюу салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору, «Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору, «Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда каралды. Демилгечилер — Жогорку Кеңештин депутаттары.
Демилгечилердин бири депутаты Марлен Маматалиев мыйзам долбоору тууралуу баяндама жасады. Ал белгилегендей, мыйзам долбоору менен порнографиялык мүнөздөгү элементтерди камтыган контент деген түшүнүктү аныктоо жана коомдун моралдык жана этикалык баалуулуктарын коргоо үчүн мындай мүнөздөгү контентти интернет мейкиндигинен таратууга тыюу салуу, аны интернет аркылуу тараткандарды жоопкерчиликке тартуу сунушталууда.
Талкуу учурунда депутаттар Арсланбек Эгембердиев, Русланбек Жакышов интернет аркылуу порнографиялык контентти тараткан маалымат ресурстун ээлерин жоопкерчиликке тартуунун конкреттүү механизмдери кандай болот деп сурашты.
Ошондой эле, мыйзам долбоорунун авторлорунун айтымында, порнографиялык мазмундун конкреттүү аныктамасынын жоктугу тийиштүү экспертиза жүргүзүү зарылчылыгынан улам мыйзам бузууларды аныктоо процессин татаалдантат.
Депутат Алишер Эрбаев айрым беренелер боюнча сунуштарын берди. Талкуунун жыйынтыгында мыйзам долбоорлору биринчи окууда жактырылды.
Мындан тышкары комитет «Уюшкан кылмыштуулуктун алдын алуу жөнүндө», «Ыкчам-изилдөө иши жөнүндө» мыйзам долбоорлорун үчүнчү окууда жактырды.