• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Премьер-министр Кубатбек Боронов добуш берди

4 Тогуздун айы 2020 12:00 Бишкек Govori.TV

Премьер-министр Кубатбек Боронов Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо Бишкек шаарындагы №62 мектеп-гимназиясында жайгашкан № 1105 шайлоо участкасында добуш берди. Ал журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, шайлоо тынч маанайда өтөрүнө ишенимин билдирди.

Өкмөт ачык, таза жана атаандаштыктын негизинде шайлоо өткөрүүгө бардык шарттарды түзүп бергенин айтты.

«Бүгүн биз жакынкы беш жылда республиканын саясий күн тартибин аныктоочу партияларды тандайбыз. Өкмөт шайлоочулар добуш берген партиялар менен биргеликте экономиканы өнүктүрүү жана жарандардын бакубаттуулугун жакшыртуу үстүндө иш алып барат», – деди Боронов.

Количество просмотров: 47