Премьер-министр Сапар Исаков парламенттин ишениминен кетти.
Белгилей кетсек, 17- апрелде «Республика -Ата Журт», «Ата Мекен» жана «Өнүгүү-Прогресс» фракциялары өкмөттүн 2017-жыл боюнча отчётун канааттандырарлык эмес деп тапкан.Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети өкмөткө ишеним көрсөтпөө сунушун бир добуштан колдоду.