• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Сапар Исаковдун отчетуна тармактык комитет ишенбөөчүлүк көрсөттү

19 Чын куран 2018 10:50 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 19. 04. 2018. Govori.TV

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети өкмөткө ишеним көрсөтпөө сунушун бир добуштан колдоду. Бул туурасында депутат Алтынбек Сулайманов билдирди.

«Комитет мүчөлөрү бир добуштан колдоду. Бул маселени жалпы жыйынга алып чыгабыз», -дейт депутат Сулайманов.

Белгилей  кетсек, комитеттин отуруму жабык эшик артында өтүп, журналисттер киргизилген жок.

Эске сала кетсек, 17- апрелде «Республика -Ата Журт», «Ата Мекен» жана «Өнүгүү-Прогресс» фракциялары өкмөттүн 2017-жыл боюнча отчётун канааттандырарлык эмес деп тапкан.
Количество просмотров: 18