• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Премьерге ишеним жоголгонуна байланыштуу британ өкмөтүнөн 30дан ашык киши кетти

7 Теке 2022 9:08 Бишкек Govori.TV

Премьер-министр Борис Жонсонго ишеним жоголгонуна байланыштуу Улуу Британиянын өкмөтүнөн 30дан ашык киши кетти. Алардын арасында министрлер, ошондой эле өкмөт мүчөсү болбосо да анын ишине катышкан депутаттар бар.

5-июлда өлкөнүн саламаттык сактоо жана каржы министрлери отставкага кеткен. Буга Жонсондун Консервативдик партиянын мүчөсү Крис Пинчерди кызматка дайындаганы себеп болгон. Өткөн жумада Пинчер мас абалында сексуалдык ыдык көрсөткөнү аныкталып, жумуштан кеткен.

6-июлда отставкага кеткен бир нече министр Жонсонго кат жолдоп, аны кызматын тапшырууга чакырышты. Бирок премьер-министр андай кадамга барбай турганын билдирди.

Британ министрлери менен депутаттарынын өкмөттөн кетиши Жонсонду өз партиялаштары ачык сынга алып жаткан маалга туш келди. Апрелде ал премьер-министр кызматын аркалап турган маалда мыйзам бузганы аныкталган тарыхтагы алгачкы өкмөт башчы болуп калган. Анда Жонсон коронавирус пандемиясына байланыштуу киргизилген карантиндик чектөөлөр маалында кечеге катышканы үчүн айып пул төлөгөн.

Июндун башында премьер-министр Консервативдик партиядагы кесиптештери демилгелеген ишеним көрсөтпөө боюнча добуш берүүдө жеңип чыккан.

Сурамжылоолорго ылайык, бүгүнкү күндө Жонсондун ишин британдыктардын 70% жактырбайт.

Количество просмотров: 131