• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Борис Жонсон күтүүсүз сапар менен Украинага барды

10 Чын куран 202212:56 Бишкек Govori.TV

Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон 9-апрелде күтүүсүз сапар менен Украинага барды.

Украин президенти Владимир Зеленский менен сүйлөшүүлөрдөн кийин Жонсон, Лондон Киевдин коргонуусу үчүн 120 бронетехника жана кемеге каршы жаңы ракеталык система берерин айтты.

​Жума күнү Британиянын премьер-министри Краматорск шаарындагы темир жол бекетин аткылоого жооп катары Украинага кошумча 100 миллион фунт стерлинг аскерий жардам жөнөтөрүн билдирген. Курал-жарактарды жеткирүүгө танкка каршы жана зениттик-ракеталык комплекстер, ошондой эле камикадзе дрондору кирет.

Эки өлкөнүн лидерлери Киевдин борборун кыдырып чыгышты.

Жонсондун Украинага сапары алдын ала жарыяланган эмес.

Количество просмотров: 622