Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон коронавирус жуктуруп алганын айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Маалыматка караганда, бул кабарды премьер-министр өзү кабарлаган.
Анын айтымында, анда Covid-19 вирусунун жеңил белгилери бар жана ал өзүнүн резиденциясында изоляцияда жатат. Оорусуна карабай 55 жаштагы Жонсон ишмердүүлүгүн уланта берерин билдирген.
Акыркы маалыматтар боюнча, дүйнө жүзүндө 465 миңден ашык адам коронавирус жуктуруп алса, 21 миңи көз жумган.