• Жекшемби 12 Бугу 2024
  • Воскресенье 12 Май 2024

Президент 70 балага планшет белекке берди

5 Үчтүн айы 2018 15:58 Бишкек Govori.TV

05.01.18. Govori.TV

Кыргызстандын бардык аймактарында жашаган 70 бала Кыргыз Республикасынын президенти  Сооронбай Жээнбековдон жаңы жылдык белек алышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчысынын дарегине өлкөнүн бардык булуң-бурчунан 6-14 жаштагы балдардан президенттин колунан Жаңы жылдык белек алуу өтүнүчү менен кайрылган каттар келип түшкөн. Алардын арасында окуунун отличниктери, активисттер, турмуштук оор жагдайга туш келген аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары дагы бар.

Маселен, Баткен облусунун Кадамжай районундагы орто мектептин окуучусу Н. Маматураимова президентке куттуктоо ыр жазып, Жаңы жылга компьютер белекке берүүсүн өтүнгөн. Талас шаарынан тогуз жаштагы Акылай алты жашынан бери “Манас” окуйт, куттуктоо менен кошо ал мамлекет башчысынан жаңы жылдык белек тартуулоону суранган. Ысык-Көл облусунун Түп районундагы алтынчы класстын окуучусу Б.Өмүралиев Кыргыз Республикасынын президентине кайрылып, жаңы жылдык белек алгысы келген өтүнүчүн жазып жиберген.

Келип түшкөн каттарга байланыштуу президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Билим берүү фондунан планшеттерди сатып алып, балдарга белекке берүү үчүн акча каражатын бөлдү.

Количество просмотров: 3