Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Нарын, Талас, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра атоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам 2024-жылдын 5-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын,
Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Ак-Жол айыл аймагынын Таштак айылын Малкалды,
Ноокен районунун Э. Алиев айыл аймагынын Параканда айылын Баракелде,
Нарын облусунун Кочкор районунун Ормон-Хан айыл аймагынын Большевик айылын Баялы Исакеев,
Талас облусунун Бакай-Ата районунун Акназаров айыл аймагынын Ынтымак айылын Шадыкан,
Манас районунун Кыргызстан айыл аймагынын Новодонецк айылын Айтматов,
Талас районунун Беш-Таш айыл аймагынын Козучак айылын Жанкороз Олуя,
Беш-Таш айыл аймагынын Балбал айылын Жаныбек Баатыр,
Чүй облусунун Москва районунун Ак-Суу айыл аймагынын Чоң-Арык айылын Сыйдалы,
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кыдыр Аке айыл аймагынын Теплоключенка айылын Ак-Суу айылы деп кайра атоо максатында кабыл алынган