• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Президент азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо маселесин штабда көтөрдү

9 Жалган куран 2020 15:46 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков экономикалык коопсуздукка болгон терс кесепеттерди, тобокелчиликтерди жана коркунучтарды минималдаштыруу боюнча чаралар менен таанышты

Президент Сооронбай Жээнбеков Республикалык штабдын ишинин максималдуу натыйжалуулугун камсыздоо зарылдыгын баса белгиледи. Штабдын негизги милдеттери — дүйнөдөгү экономикалык кырдаалга анализди эске алуу менен таасирдүү сунуштарды иштеп чыгуу жана алардын негизинде мамлекеттик органдар тарабынан тиешелүү чараларды көрүү экенин эске салды.

Мамлекет башчысы Республикалык штаб негизги көңүлдү азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого, өлкө бюджетинин киреше бөлүгүн аткарууга, эл керектеген товарларды өндүрүү жана ташып келүү менен алектенген ишкерлер менен тыгыз кызматташууга бурушу керектигин билдирди.

Количество просмотров: 122