• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Президент Балыкчы-Кочкор темир жолунда жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат алды

29 Чын куран 2023 17:41 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаровго Балыкчы-Кочкор темир жолунда жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берилди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бүгүн президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдө бир катар социалдык-экономикалык долбоорлордун курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Мамлекет башчыга “Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече” темир жолунун учурдагы курулуш иштери боюнча, атап айтканда, Балыкчы-Кочкор темир жол тилкесинде жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берилди.

Курулуш иштери 2022-жылдын 31-мартында башталган.

Бүгүнкү күндө 5,9 чакырым жер асты катмары курулуп, 5 чакырым жолдун үстүнкү курулмасын төшөө иштери аяктады. Ошол эле учурда 5,1ден 5,9 чакырымга чейин жолдун төмөнкү курулмасы жерлештирүү, майдаланган таш менен толтуруу, 7,2ден 8,4 чакырымга чейин жер иштери улантылууда.

2023-жылга 15 жана андан көп чакырым жолду куруу пландалууда.

Мамлекет башчысы курулуш иштеринин темпин басаңдатпоо үчүн бардык чараларды көрүүнү жана ошол эле учурда аларды сапаттуу жана өз мөөнөтүндө бүткөрүүнү тапшырды.

Количество просмотров: 102