• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Президент баш прокурор Жолдубаеваны мактагансыды, Сегизбаевди дагы жакшы иште деген эле

28 Жалган куран 2018 17:50 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 28.03.2018.Govori.TV.
 Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-мартта  башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алды.
Башкы прокурор Мамлекет башчысына Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 8-февралындагы чечимин аткаруу максатында прокуратура органдарынын коррупцияга каршы иш-аракети жөнүндө маалымат берди.
Президент прокуратура органдары тарабынан коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча иштер күчөтүлүп, жылыштар бар экенин белгиледи.
Ал Коопсуздук кеңешинин жыйынынан кийин коррупционерлерге карата чечкиндүү чараларды күткөн жарандык коом активдүү болуп жатканын белгиледи.
Башкы прокурор Индира Жолдубаева Коопсуздук кеңешинин жыйынынан кийин прокуратура органдары өлкөнүн бардык областтарында жергиликтүү бийлик жана укук коргоо органдары менен биргеликте жыйындарды өткөргөнүн айтты. Коррупцияга каршы күрөш боюнча абалды талдоонун негизинде иш-чаралар планы иштелип чыкты. Бул планга ылайык жумуштар күчөтүлүп жатат.
Мындан тышкары Индира Жолдубаева Башкы прокуратура тарабынан кызматтык кылмыш фактылары, анын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык менчикти уурдоо фактылары боюнча негизсиз токтотулган же кыскартылган кылмыш иштери кайрадан каралып  жатканын билдирди.
Эскерте кетсек, кече, Сооронбай Жээнбеков, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Абдил Сегизбаевди кабыл алып, коррупция менен күрөш жана ага каршы аракеттенүү боюнча мындан аркы пландар талкуулады. Мамлекет башчысы биринчи жыйынтыктар бар экенин, бирок коррупциялык иш-аракеттерди аныктоо боюнча жумуштарды ыкчамдатып, резонанс жараткан коррупциялык иштерди аягына чыгаруу керектигин белгиледи.
Количество просмотров: 28