Бүгүн, 10-мартта президент Сооронбай Жээнбеков иш сапары менен Баткен облусуна барды. Буга байланыштуу Зулпуев айыл өкмөтүнүн кире беришинен баштап, Баткен облусуна чейинки жолдогу чуңкурлар топурак менен толтурулганын «Turmush» басылмасы жазды.
«Жол маселеси боюнча элдер айыл өкмөткө, район башчысына көп жолу кайрылышты. Бирок жетекчилер жол Транспорт министрлигине карайт, биз эч нерсе кыла албайбыз деген. Буга чейин да бир «чоң» келе жатканда жолдогу чуңкурларды ушинтип топурак менен толтуруп чыгышкан. Жок дегенде майда таш төгүшсө, жамгыр жааганда агызып кетпейт эле», — деп билдирген окурман.