• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Президент бир катар жетекчилерди тартип жоопкерчилигине тартты

5 Бирдин айы 202019:22 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2020-жылдын 24-январындагы №1 чечиминде көрсөтүлгөн сунуштамаларды аткаруунун алкагында Кыргыз Республикасынын борбордук жана башка мамлекеттик органдардын бир катар жетекчилерин тартип жоопкерчилигине тартуу жөнүндө буйруктарга кол койду.

Мамлекет башчысынын буйругуна ылайык, 2018-жылдын 14-декабрындагы №2 «Кыргыз Республикасын санариптик өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» чечимин аткаруудагы жетишсиз иши үчүн эскертүү түрүндө тартип жоопкерчилигине тартылат:

— Улугбек Марипов — Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын төрагасы;

— Зайырбек Эргешов — Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору;

— Акылбек Султанов — Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы;

— Бакытбек Сагынбаев — Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун милдетин аткаруучусу.

Количество просмотров: 137