• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Президент болгусу келген Собчак дүкөндү унаасы менен сүзүп салды

9 Бештин айы 2017 23:49 Бишкек Govori.TV

Россиянын президенттигине талапкер болууга ниеттенген Ксения Собчак автоунаасы менен дүкөндүн ичине кирип кетти. Тасмадан көрүнгөндөй, токтоп турган унаа күч менен телефон жана башка, майда-барат саткан дүкөндүн айнегин талкалап салган. Андан ары Ксения Собчактын милиция менен талашып-тартышканын, ДОС бойдон калууга чакырганын көрүүгө болот.
Россиялык теле алып баруучу Ксения Собчак бир катар чуулгандуу окуяларга аралашып келгендиги менен белгилүү. Ал биринчилерден болуп, президентикке ат салышуу ниетин билдирген. Шайлоого мындан башка учурдагы президент Владимир Путин, ЛДПРдин лидери Владимир Жириновский, журналист Екатерина Гордон катыша турганын билдиришкен эле.
Эске салсак, Россияда президенттик шайлоо 2018-жылы өтөт.

https://www.facebook.com/jalal.jabrailov/videos/1204595706340611/?id=691011139

Количество просмотров: 6