• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

«Президент болмокмун». Ак үйгө кирүүгө аракет кылган жаранды Тез жардам алып кетти (видео)

19 Бугу 2021 11:43 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин имаратына келип өзүн башкача алып жүргөн кишини Тез жардам кызматы алып кетти. Окуя болгон жерден тартылган видео «Короче» Telegram каналына жарыяланды.

Видеодон классикалык кийим кийген кишини медиктер алып бара жатышканын көрүүгө болот.

Ыкчам медицина борборунун жетекчиси Искендер Шаяхметов окуянын чоо-жайын айтып бергенин Sputnik Кыргызстан агенттиги жазды.

Маалым болгондой, кечээ саат 19:02де 102 линиясы аркылуу чакыруу түшүп, өзүн адаттан тыш алып жүргөн киши тууралуу кабар берилген.

«Тез жардам бригадасы барганда 35 жаштагы киши Жогорку Кеңешке келип, президент болгусу келгенин айтканы белгилүү болгон. Ал парламенттин аппарат кызматкери эмес, чоочун адам болуп чыккан. Кийинчерээк Республикалык психикалык ден соолук борборунда каттоодо турганы тастыкталды», — деп билдирген Шаяхметов.

Количество просмотров: 2005