• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бишкекте белгисиз жаран көчөдөгүлөргө бычак менен кол салып, 1 киши жарадар болду

10 Баш оона 2020 11:05 Бишкек Govori.TV

Бишкекте 1 кишини бычак менен жарадар кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Кайгуул милициясынан билдиришкендей, 8-август күнү болжол менен саат 22:40та 102 кызматына Рыскулов-Заводская көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз бир адам көчөдө бара жаткан адамдарга бычак менен кол салганы тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя жерине келген милиция кызматкерлери 49 жаштагы С.Э. аттуу жаран бычактан жаракат алып, ооруканага жеткирилгенин аныктаган.

Бул кылмышка шектүү катары 28 жаштагы М.Б. аттуу жаран кармалып, Ленин райондук милициясына жеткирилген.

Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде Кылмыш кодексинин 138-беренеси боюнча каттоого алынган.

Булак: «Кабар»

Количество просмотров: 335