• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Бишкекте аялды бычак менен коркутуп, барымтага алган жаран кармалды

18 Кулжа 2020 10:10 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Чүй жана Интергельпо көчөлөрүнүн кесилишиндеги дүкөндө белгисиз бирөө сатуучу аялды бычак менен коркутуп, барымтага алган жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

Маалыматыка караганда, 17-июнда кечки саат 20.00гө жакын милицияга билдирүү түшүп, белгисиз бирөө аялды барымтага алганы айтылган. Жерине барган милиция кызматкерлери мас абалдагы жаран аялга бычак такап коркутуп, эч кимди жакын жолотпой турганын көрүшкөн. Окуя болгон жерге Кайгуул милициянын кызматкерлери, ыкчам-тергөө тобу менен шаардык №5 милиция бөлүмүнүн жетекчиси, милициянын подполковниги Эркин Жаанбаев барган. Ал бычагы бар эркек киши менен сүйлөшүү жүргүзүүгө аракет кылган. Бирок майнап чыкпагандыктан күч колдонуп бычакты алып, аялды бошотушкан.

«Жаанбаев эркек кишини кеп-сөзгө келтирүүгө аракет кылып, бычагын таштоого чакырганы менен берки макул болгон эмес. Милициянын подполковниги аялдын коопсуздугу үчүн спорттук ыкманы колдонуп зордукчулдун колунан бычакты тартып алып, өзүн кыймылдатпай кармап калган», — деп айтылат маалыматта.

Аялды дароо Тез жардам кызматы Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирип, медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Аталган факты Биринчи май райондук ИИБдин Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Кармалган жаран Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген. Анын аты жөнү такталып, 1984-жылы туулган С. К., аттуу жаран экени белгилүү болду. Тийиштүү экспертиза дайындалып, тергөө иши жүрүүдө.

Количество просмотров: 250