• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Президент Борбор Азия лидерлеринин жолугушуусуна катышуу үчүн Астанага учуп кетти

15 Жалган куран 2018 11:55 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 15.03.2018. Govori.TV.
Президент Сооронбай Жээнбеков Борбор Азия лидерлеринин жолугушуусуна катышуу үчүн Казакстандын борбору Астанага учуп кетти.
Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, мамлекет башчынын сапары казак президенти Нурсултан Назарбаевдин чакыруусу менен уюштурулууда. Эки мамлекеттин башчылары  кыргыз-казак- мамилелеринин актуалдуу маселелерин талкууламакчы.
Жолугушууга Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын Президенттери катышат, анын жыйынтыгы менен  Мамлекет башчыларынын биргелешкен билдирүүсүн кабыл алуу болжолдонууда.

 

Жолугушууга Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын Президенттери катышат, анын жыйынтыгы менен  Мамлекет башчыларынын биргелешкен билдирүүсүн кабыл алуу болжолдонууда.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев менен  эки тараптуу жолугушуусу пландаштырылган.

 

Количество просмотров: 24