• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Президент «Чет элдик өкүл» жөнүндө мыйзамга кол койду

2 Чын куран 2024 11:30 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров  «Чет элдик өкүл» жөнүндө мыйзамына кол койду. Бул тууралуу ал өзү Facebook баракчасында билдирди.

Ал эл аралык коомчулуктун каршылыгына карабай бул демилгени эмнеге колдоого алганын түшүндүрдү.

«Эми мындан ары Юстиция министрлигинен эл катары эле каттоодон өтүшөт. Банктан эсеп ачышат. Мындан ары ачык айкын иштей башташат. Буга чейин калкыбызда айтылып келген “эшек жайлоо” деген мындан ары болбойт. 30 жылдан бери бирөөсүн дагы чет өлкөлүк донорлор менен иштештиңер, баланча суммадагы акча алдыңар деп куугунтуктабаган эми куугунтуктамак белек? Мамлекет башчысы катары кепилдик берем. Эч кандай куугунтук болбойт. Ядерлик өлкө эмеспиз. Азырынча космоско учалы деп жаткан жокпуз. Биздин мамлекетте силерден жана силердин донорлордон жашыра турган жашыруун сырларыбыз жок. Колуңардан келсе миллиондорду эмес, миллиарддарды алгыла. Ал биздин өлкө үчүн пайда гана алып келет. Болгону мындан ары баарын ачык айкын көрсөтүп, эл катары эле иштегиле деп жатабыз», — дейт ал.

Бейөкмөт уюмдарга көзөмөлдү күчөтөт деп сынга кабылган «чет өлкөлүк өкүл» тууралуу мыйзам долбоорун ЖК депутаты Надира Нарматова жазып, былтыр ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Бирок кийин алардын айрымдары авторлуктан кайра баш тартып жатышат.

“Адилет” укуктук клиникасы бул “чет өлкөлүк өкүл” мыйзамын талдап чыгып, анын 98% Орусиянын “чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамынан көчүрүлүп алынганын аныктаган.

Количество просмотров: 68