10-майда президент Садыр Жапаров беш жыл мурунку Дача СУдагы учак кырсыгына байланыштуу коомдук комиссия түзүлгөнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Комиссиянын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов, курамына укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова, журналист Дилбар Алимова, «Эйр Манас» авиакомпаниясынын өкүлү Бекзат Алимов, “Ачык маалымат фондунан” Элнура Алканова, жарандык активист Мавлян Аскарбеков, экс-премьер-министр Кубатбек Боронов, укук коргоочу Төлөкан Исмаилова, «Стоп Беспредел» маалымат сайтынын башкы редактору Кайрат Кенжебай уулу, адвокат, милициянын отставкадагы полковниги Кубанычбек Култаев, жарандык активист Тимур Махмудов, укук коргоочу Динара Ошурахунова, иликтөөчү журналист Али Токтакунов, укук коргоочу Нурбек Токтакунов, журналист Адил Турдукулов, экс-депутат Бактыбек Турусбеков, укук коргоочу Эркингүл Убышева, жарандык активист Самсаалы Четимбаев кирди.
Комиссияга иштин регламентин түзүү жана бекитүү, жасалган иштер тууралуу ЖМКларга маалымдап туруу сунушталды. Анын ишин уюштуруу, методикалык жана башка муктаждыктарын камсыздоо Транспорт жана коммуникациялар министрлигине, президенттик администрацияга жүктөлдү. Ошондой эле президенттин администрациясы, Башкы прокуратура, Улуттук коопсуздук комитети, ИИМ жана башка мекемелерге коомдук комиссияга ар тараптуу көмөк көрсөтүү тапшырмасы берилди.