• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Президент эл менен эми ачык сүйлөшөбү?

26 Аяк оона 2019 22:05 Бишкек Govori.TV

Ачык баарлашуу элдин бийликке болгон ишенимин бекемдейт», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26- сентябрда, Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жети-Өгүз районунун жашоочулары менен жолугушуусунда.

Жолугушууну жыйынтыктап жатып, Мамлекет башчысы ачык жана мазмундуу баарлашуу болгонун белгиледи.

«Ар кандай мүнөздөгү суроолор ачык берилди. Бул элдин бийликке болгон ишенимин бекемдөөгө көмөктөшө турчу коомубуздун ачыктыгын көрсөтүп турат», — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Президент Сооронбай Жээнбеков бийлик жана эл биргеликте иштегенде гана жетишкендиктер болоорун белгиледи.

«Эгерде бийлик бирди айтып, башканы жасап жаткан болсо, эл муну көрүп турат. Менин башкы максатым — таза иштеп, эл арасында жүзүм жарык болуу», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков

Количество просмотров: 198