• Ишенби 11 Бугу 2024
  • Суббота 11 Май 2024

Президент: Эл сыяктуу мен дагы Шайлдабекованы жаман көрчүмүн

26 Жетинин айы 2021 12:18 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 26-ноябрда президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы менен Коопсуздук кеңештин жыйыны өтүп жатат. Жыйында мамлекет башчы Садыр Жапаров Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова тууралуу пикирин айтты.

«Кимдин гана маселесин карабагыла баары мыйзамдуу болушу керек. Мыйзамдуу болсо элдин алдында жүзүңүздөр жарык болот. Ал эми талаш-тартыш маселе болсо биз дагы көңүл сыртында калтырган жокпуз. Менин дагы ичим ачышып калып жатат. Бирок сиздер мыйзамдуу чечимдерди чыгарып жатасыздар. Айрымдар БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова кетсин деп жазып жатышат. Ачыгын айтайын мен дагы эл сыяктуу «ушул аял баарын кылып жатат» деп жаман көрчүмүн. Былтыр октябрь окуясынан кийин Нуржан Карманбековнадан жаңы Баш мыйзамды кабыл алганга чейин президенттик шайлоону коё туралы деп сурандык, ал болбой шайлоону дайындап салды. Айла жок шайлоого бардык. Мен кептин баары Нуржан Шайлдабековада эмес экенин түшүндүм. Кептин баары төбөсүнөн басып туруп, «мындай кыл», «тигиндей кыл» десе айла жок жасайт экен. Ошондуктан биз башындагылар ката кетирбесек, этеги жакшы болот. Ошондон кийин мен аны жаман көрсөм дагы кайра бул кызматка койдум», — дейт ал.

Количество просмотров: 5588