• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Президент Эмилбек Каптагаевди кабыл алды

3 Бирдин айы 2020 18:06 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жэээнбеков бүгүн, 3-февралда, Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун (УСИИ) директору Эмилбек Каптагаевди кабыл алды.

Мамлекеттик чечимдерди кабыл алууда стратегиялык сунуштамаларды иштеп чыгуу боюнча УСИИнин ишмердигинин натыйжалуулугун жана ролун жогорулатуу боюнча чаралар талкууланды. 

УСИИ директору Эмилбек Каптагаев сунуштарды иштеп чыгуу жана стратегиялык өнүктүрүү долбоорлорун иштеп чыгууга катышуу, Институттун изилдөө ишмердигинин потенциалын күчөтүү, ар түрдүү илимий-изилдөө жана аналитикалык иштерди жүргүзүү боюнча аткарылып жаткан жумуштар жөнүндө маалымат берди.

Ошондой эле УСИИнин алдында турган артыкчылыктуу милдеттери тууралуу айтып берди.

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн эң маанилүү стратегиялык документтерин иштеп чыгуудагы Институттун өзгөчө ролун белгиледи.

Социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий өнүктүрүү, мамлекеттик башкаруу жана коопсуздук тармактарында долбоорлорду ишке ашырууда иштиктүү сунуштарды даярдап чыгуу үчүн аналитикалык ишмердүүлүктү күчөтүү зарылдыгына токтолду.

Мындан тышкары, өлкөнүн мамлекеттик органдарынын ишмердигин илимий-изилдөө жана аналитикалык колдоо жагынан УСИИнин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуунун маанисин баса белгиледи.

Количество просмотров: 419