• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Президент ипотеканы жеткиликтүү кылуу талабын койду

12 Аяк оона 2019 16:40 Бишкек Govori.TV

 Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-сентябрда, «Мамлекеттик ипотекалык компаниясы» (МИК) ААК башкармалыгынын төрайымы Элмира Абжапарованы кабыл алды.

Жарандарды жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаты жана мамлекеттик ипотекалык турак жай насыялоо системасын жакшыртуу боюнча чаралар талкууланды.

Президент МИК астында өлкө жарандарынын төлөө жөндөмдүүлүгүн эске алуу менен ипотекалык насыялоонун жеткиликтүүлүгүн арттыруу боюнча милдет турганын эске салды.

Мындан тышкары, пайыздык ченди төмөндөтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу сунушталды.

Элмира Абжапарова бүгүнкү күндө МИК бюджеттик финансылык көз карандысыздыктан акырындык менен чыгуу үчүн донорлук каражаттарды тартуу активдүү колго алынып жатканын маалымдады.

Ал​ бул багытта эл​ аралык каржы институттары менен активдүү иштер жүргүзүлүп, жакынкы убакта «KFW» немец банкынын гранттык каражаттары иштетиле баштаарын кошумчалады.

Пайыздык ченди төмөндөтүү маселеси боюнча МИК башчысы компания жакынкы убакта ипотекалык насыяны 6 пайыз менен берүү пландаштырылып жатканын маалымдады.

Ошондой эле берилген насыялардын пайыздык ченин 7 пайызга чейин төмөндөтүү мүмкүнчүлүгү каралып жатат.

Бүгүнкү күндө МИК 5 млрд сомго жакын суммага 4 миңден ашуун ипотекалык насыяларды берди.

Ипотекалык насыяларды алууда убактылуу чыгымдарды төмөндөтүү жана жарандар үчүн ыңгайлуу болушу үчүн компания «Түндүк» ведомство аралык электрондук аракеттенишүү системасына интеграцияланган заявка берүүнүн электрондук системасы киргизилип жатат.

Элмира Абжапарова ипотекалык облигацияларды сатуу жана жайгаштыруудан түшкөн акчалардын эсебинен бюджеттик тармактан гана эмес, жарандардын кеңири категориясы үчүн «Арзан турак жай» жаңы программасы киргизилгенин кошумчалады. Алар үчүн пайыздык чен жылына 14 пайыз сом менен 15 жылга 20 пайыздык баштапкы салымын түзөт.

Мындан тышкары ал​ белгилегендей, банктык эмес адистештирилген финансы-насыялык уюмду түзүүнүн жолу менен контракттык турак жай сактоо жаңы системасын киргизүү боюнча активдүү жумуштар жүргүзүлүп жатат.

Бул системанын өзгөчөлүгү баштапкы салымды түзүү үчүн жарандардын, анын ичинде чет мамлекеттерде эмгектенгендердин каражаттарын акырындап пайдалануу болуп саналат.

Чогултуу мөөнөтү аяктагандан кийин системанын катышуучулары рыноктогу чендерге салыштырмалуу жеңилдетилген пайыздык чендер менен улуттук валютада 15 жылга чейин ипотекалык насыяны ала алышат.

Количество просмотров: 82