• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Президент Ислам Кызматташтык Уюмунун 14-Саммитине катышат

21 Бугу 201914:25 Бишкек Govori.TV

Бишкек.21.05.2019.Govori.TV.

 Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Сауд Арабия Королдугунун Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Абдурахман бин Саид бин Мухаммад Аль-Жуманы кабыл алды.

Элет жерин таза суу менен камсыз кылуу, жаңы ооруканаларды, мектептерди жана бала бакчаларды куруу иштери боюнча долбоорлорду ишке ашыруу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Элчи Абдурахман бин Саид бин Мухаммад Аль-Жума ушул жылдын 31-майында Мекке шаарында өтө турган Ислам Кызматташтык Уюмунун 14-Саммитине Эки Ыйык мечиттин көзөмөлдөөчүсү, Улуу Даражалуу Сауд Арабия Королу Салман бин Абдель Азиз Аль Сауддун чакыруу катын тапшырды.

Президент Сооронбай Жээнбеков чакыруу үчүн ыраазычылык билдирип, турган ниетин билдирди.

Количество просмотров: 17