• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Президент көпчүлүк коалициясына кирген фракциялардын лидерлерин кабыл алды

19 Чын куран 2018 14:37 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 19.04.2018. Govori.TV.
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-апрелде Жогорку Кеңешиндеги көпчүлүк коалициясына кирген фракциялардын лидерлери – КСДП фракциясынан Иса Өмүркулов, “Кыргызстан” фракциясынан Алмазбек Баатырбеков жана “Бир Бол” фракциясынан Алтынбек Сулайманов менен жолугушту.
Жолугушууга Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков, Президенттин Аппаратынын Жетекчиси Мухаммедкалый Абылгазиев катышты.
Көпчүлүк коалициясынын  лидери Иса Өмүркулов Жогорку Кеңеш бүгүнкү жыйынында парламенттин 1/3 түзгөн үч фракциянын депутаттарынын өлкөнүн  Өкмөтүнө ишеним көрсөтпөө сунушун колдогонун билдирди.
“Парламент мындай чечимди өлкөнүн кызыкчылыгында кабыл алды. Көпчүлүк коалициясы ошол эле курамда калат”, — деп белгиледи Иса Өмүркулов.
Ошону менен бирге ал коалициянын курамына “Республика — Ата Журт” фракциясынын кириши күтүлүп жатканын кошумчалады.
Президент Сооронбай Жээнбеков парламенттеги көпчүлүк коалициясынын туруктуу иштеши мамлекеттин туруктуу өнүгүүсүн  камсыз кылаарын белгилеп, парламентке бийликтин аткаруу бутагы менен жемиштүү иштешин каалады.
Количество просмотров: 32