• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Президент: Келечекте түндүк-түштүк темир жолу курулат

24 Жалган куран 20229:41 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече темир жолунун курула башталганы тууралуу өзүнүн фейсбуктагы баракчасына билдирүү жазып, келечекте түндүк-түштүк темир жолу курула турганын айтты.

«Кудай буюрса, өз күчүбүз менен Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолун кура баштадык. 1-2 жылда Кочкорго жетип, андан ары Кара-Кечеге кирип барабыз. 30 жыл ичинде республикабызда бир метр темир жол курмак түгүл, тескерисинче 42 километр жолубузду жоготуптурбуз. Албетте өкүнүчтүү. Эми кайра узарта баштадык. Келечекте Кара-Кечеден ары Макмалга жана Жалал-Абадга жеткирип, бириктиребиз. Ошентип, түндүк-түштүк темир жолун ачабыз», — деп билдирүү калтырган Садыр Жапаров.

Количество просмотров: 154