• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Президент коомдук уюмдарга эки миллиондон ашык сом бөлдү

3 Бештин айы 2019 19:32 Бишкек Govori.TV

Президент коомдук уюмдарга эки миллиондон ашык сом бөлдү. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон Буйрукка ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Билим берүү фондунан Эл аралык майыптар күнүнө карата ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга инклюзивдик билим берүүнү илгерилетүүнүн алкагында реабилитациялык жана социалдык адаптация боюнча жардам берген коомдук уюмдарга финансылык колдоо көрсөтүү үчүн 2300000 (эки миллион үч жүз миң) сом бөлүнүп берилди.

Мындай чечим ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын инсандык сапаттарын өркүндөтүү жана инклюзивдик билим берүүнү илгерилетүүнүн алкагында реабилитациялык жана социалдык адаптациялоо боюнча иштерди жана демилгелерди колдоо максатында кабыл алынды.

Буйрукка ылайык, республиканын бардык региондорундагы 23 коомдук мекемеге ар бирине 100000 сомдон каражат бөлүндү.

Количество просмотров: 46