• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Президент Коопсуздук кеңешинин чакан курамын чогултту

19 Кулжа 202011:24 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-июнда бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусунда чакан курамда Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп жатат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Коопсуздук кеңешинин жыйынында өлкөнүн учурдагы эпидемиологиялык кырдаалы жөнүндө маселе каралууда.

Вице-премьер-министр Аида Исмаилованын, саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдун коронавирус инфекциясынын андан ары жайылып кетүүсүнө жол бербөө боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалыматтары угулууда.

Количество просмотров: 200