• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Президент коррупциядан түшүп жаткан каражаттарга мектеп куралы деген сунуш кылды

11 Аяк оона 2018 16:39 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 11.09.2018.Govori.TV.

Коррупциядан түшүп жаткан каражаттар бар, аларга атайын эсеп ачылган. Ошол акчаларга Бишкек шаарында жана аймактарда мектеп куралы, деди президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-сентябрда өлкөнүн билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеваны кабыл алган учурда.

«Акыркы убакта билим берүү тармагы боюнча талкуу абдан көп болуп жатат. Айрыкча мектептердин жетишсиздиги боюнча талкуу катуу болду, өзгөчө Бишкек шаарында. Талдоо көрсөткөндөй, айрым мектептерде окуучулар көп, айрым мектептерде аз болуп жатат. Ата-энелер сапаттуу мектептерге балдарын алып барууга аракет кылат. Башка мектептерде окуучулар аз болууда. Бул шаардагы ар бир мектепти терең анализ кылып, билим берүү системасында реформалар талап кылынганын айгинелеп турат. Мектептерди курууга каражат жетиштүү. Коррупциядан түшүп жаткан каражаттар бар, аларга атайын эсеп ачылган. Ошол акчаларга Бишкек шаарында жана аймактарда мектеп куралы», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы жаңы мектептерди куруу улана берээрин белгиледи. Республика боюнча учурда 149 жаңы мектеп курулуп жатат, үстүбүздөгү жылдын аягына чейин 78 мектеп колдонууга берилет.

Президент билим берүү министрине Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте жалпы билим берүү мекемелеринде окутуунун бирдей шарттарын түзүү максатында терең анализ жүргүзүүнү сунуштады.

Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева маалыматы боюнча, республиканын бардык аймактарында мектептерде окуучулардын көбөйгөнү байкалууда.

Мисалы, 2012-жылы мектептерде 1 млн. 12 миң 303 окуучу билим алса, бүгүнкү күндө окуучулардын саны 1 млн. 223 миңге жетип, мектептерде окуган балдардын жалпы саны бул жылдары 18 пайызга өстү.

«Жалпы билим берүү мекемелер, мугалимдер жана мектептер тууралуу бардык маалыматты камтыган Билим берүү башкармалыгынын  маалыматтык системасына ылайык, долбоор боюнча республикадагы  мектептер 774 миң 120 орунга ылайыкташтырылган. Ал эми азыркы учурда  окуучулардын саны  алдан канча көп. Мындай көрүнүш көбүнчө Бишкек жана Ош шаарлары, Чүй облусуна мүнөздүү. Балдардын саны өсүп жатканын эске алып, жаңы мектептер курулуп жатат. Борбор шаардын окуучуларды батыра албай жаткан мектептерге кошумча корпустарды куруу маселесин чечебиз», — деп белгиледи министр.

Количество просмотров: 26