• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Президент: Мадумаров мамлекетчил эмес

3 Кулжа 2022 16:47 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров 2-июнда өткөн парламенттин жалпы жыйынынындагы УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен депутат Адахан Мадумаровдун кайым айтышуусуна байланыштуу пикирин «Азаттыка» айтып берди.

«Мадумаров мамлекетчил эмес. Мамлекетиң эмне болсо ошол болсун, мен балп дедирип сүйлөп коюп элге жаксам болду деген популист саясатчы. Эл деле анын мүнөзүн билип бүттү. Азыр дүйнө боюнча бардык өлкөлөрдө кризис болуп атат. Муну баарыңар көрүп турасыңар. Биз колубуздан келишинче өлкөбүздө тамак-аш тартыштыгы болбосун деп болгон күчүбүздү жумшап жатабыз. Чет өлкөлөрдөн алып жаткан импортубуз чектелүү. Мисалы, буудай, ун, кумшекер, суу майга квота киргизилген. Тагыраак айтканда биздин өлкөгө жетээрлик гана көлөмдө ала алабыз. Андан ашык алсак үстүнө бажы жана башка өнүмдөр кошулат. Анда тамак-аш асмандын башына чыгып кетет. Ошол үчүн сыртка чыгып кетпесин деп катуу көзөмөл кылып жатабыз. Бул ишти УКМК көзөмөлдөп жатат. Бул алардын түздөн-түз милдети. Коопсуздук деп аты айтып тургандай эле бардык жактан коопсуздугубузга УКМК жооп берет. Албетте коюлган постто кызматкерлер таптаза иштеп жатат дегенден алыспыз. Баарын 100 пайыз көзөмөл кылуу кыйын. Адамдык фактор деген болот. Бирөө жарым тыйын сурашы мүмкүн»,-деп билдирди Жапаров.

Количество просмотров: 543