• Ишенби 27 Теке 2024
  • Суббота 27 Июль 2024

Президент мамэкотехинспекциядагы коррупция тууралуу маалыматка көңүл бурду

27 Баш оона 2018 9:14 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 27.08.2018.Govori.TV.
25-август күнү президенттин тапшырмасынын негизинде Коопсуздук кеңешинин кызматкерлери Анара Мамбеталиева менен кезикти. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматта, Коопсуздук кеңешинин кызматкерлери президенттин тапшырмасынын негизинде мурдагы басма сөз катчыга расмий арыз менен кайрылуу сунушталды. Ошондой эле коррупциялык иштер боюнча материалдарды коопсуздук кеңешине тапшыруу талап коюлду.
Эскерте кетсек, Мамлекеттик экологиялык техникалык инспекциянын басма сөз катчысын жалгыз пикетке чыккандыгы үчүн кызматтан кетиришкен. Ал эми Мамбеталиева Facebook баракчасына аталган инспекциянын айрым кызматкерлери жемкорлукка аралашкан деп жазып  чыккан.

https://www.facebook.com/100005469963671/videos/930426087149715/

Количество просмотров: 36